НИКСОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЙКСОН Ричард Милхауз (9. 1. 1913, Калифор­ния штаты, Йорба-Линда — 22. 4. 1994, Нью­Йорк) - АКШнын 37-президенти (1969-74). Уит­тиер коллежин (1934), Калифорниядагы Дюка юридикалык университетин (1937) бүтүргөн. 2-дүйнөлүк согуш убагында АКШ аскер-деңиз кучтөрүндө кызмат өтөгөн. Капитан-лейтенант наамында 1946-жылы АКШ Сенатында шайлоодо жеңип чыгып, Ба­тыш Европа мамлекеттеринин экономикасын ка­лыбына келтирүү боюнча Маршалл планын жана

Тафта-Хартли мыйзамын иштеп чыгууга катышкан. 1947-50-ж. Калифорния штатынан АКШ Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, 1950- 53-ж. АКШ сенатору, 1953- 61-ж. Д. Эйзенхауэрдин ад­министрациясында вице­президент, 1968-72-ж. респ. партиядан АКШ президент­тигине шайланып, аткаруу бийлигин борборлоштурган. Кытай, СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен тыгыз кызматташкан.