НИКЕЛЬ КУИМАЛАРЫ
НЙКЕЛЬ КУЙМАЛАРЫ — негизи никелъ болгон куймалар. Никелге хром, молибден, вольфрам, кобальт, алюминий, титан ж. б. кошунду элементтер кошулат. Н. к. ысыкка, коррозияга туруктуу жана электрге каршылыгы өтө жогору. 20-к-дын башында ысыкка чыдамдуу А1, 81, же Сг кошулган куймалар алынган. 1939-45-ж. Улуу Британияда №-Сг-Т1-А1ден турган нимоника деп аталган никелдүү куйма авиациядагы газ турбиналуу кыймылдаткычтын өнүгүшүнө түрткү болгон. Техникада ЪИ-Сг, ЪП-Мо жана №-Мп легирленген куймалары чоң мааниге ээ. №-Мо же ЪЛ-Сг-Мо Н. к. өтө агрессивдүү чөйрөдө иштөөчү химиялык аппараттарды жасоодо колдонулат. Практикада Сг, Мо, Ее ж. б. элементтер кошулуп, механикалык, физикалык-химиялык касиеттери айкалышкан жогорку сапаттуу Н. к. пайдаланылат.