НИЖНЕВОСТОЧНЫЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИЖНЕВОСТОЧНЫЙ - Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 600 м. бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 77 км. түндүк-чыгыш тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 75 км. Кыштак 1933-ж. пайда болгон. Калкы 1365 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.