НИАГАРА ШАРКЫРАТМАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИАГАРА ШАРКЫРАТМАСЫ (англ. Niagara Falls, ирокез тилинде ниакаре - катуу добуш, дүңгүрөө,.шаркыроо) Түндүк Америкада, Ниагара
д-нда. Шаркыратма Козий а. аркылуу экиге бөлүнөт; сол жагы Канадага тиешелүү (туурасы 800 м, бийикт. 48 м). Эри көлүнөн агып чыккан суунун чыгымынын 95% ке жакыны агып өтөт; оң жагы АКШга таандык (туурасы 300 м, бийикт. 51 м). Канада жагында шаркыратманы айланып өткөн, кеме жүрүүгө ыңгайлуу Уэлленд каналы курулган. Туризм өнуккөн.
