НЕФРИТ (минералогия)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕФРИТ (грекче nephros - бөйрөк) - минерал; актинолит менен тремолиттин майда кристаллдуу түрү. Жакшы жылмаланат. Ак, жашыл сымал, күрөң жашыл түстө. Негизги тектердин (серпентин, пироксен, амфибол) метаморфизмделишинен пайда болот. Илгери Кытай, Бирма, Индияда кооздук үчүн пайдаланылган. Кендери Чыгыш Саянда, Байкал аймагында, Кытайда, Жаңы Зеландияда кездешет.