НЕКРОФАГДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕКРОФАГДАР (грекче nekros - өлүк жана ...фаг), тарпчылар - башка жаныбардын тарпы менен азыктануучу организмдер. Буларга көптөгөн курт-кумурскалар (тарп жечүлөр, тери жечүлөр, кош канаттуулардын личинкалары), кээ бир канаттуулар (жорулар, марабу, кузгун) жана сүт эмүүчүлөр (көк жалдар) кирет.