НЕЖМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕЖМ - о. кылымдарга таандык шаар. Истах­ринин эмгегинде («Китаб масалик ал-мамалик») Н. Касан ш-на жакын жерде жайгашкан. Ибн Хаукалда («Китаб-ал-масалик вал-мамалик») Кербенден кийин Н. ш-н атап, анын айлана­сында айыл-кыштактар болгонун белгилеген. В. В. Вартолъддун пикиринде Н. ш-нын калды­гы азыркы Нанай кыш-на жакын, А. Н. Берн­штам боюнча Кербендин жанындагы урандылар болушу мүмкүн.