НАЦАГДОРЖ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАЦАГДОРЖ Дашдоржийн (17. 11. 1906, БаянДэлгэр - 13. 7. 1937, Улан-Батор) - моңгол жазуучусу. Моңгол адабиятына негиз салгандардын бири. Орус жана европалык адабиятын салттарын өздөштүрүп, моңгол адабиятын социалисттик реализм баскычына көтөргөн. Жарандык лириканын чебери. «Саламаттык» (1930) циклинин, «Ата журтум», «Жылдын төрт мезгили» (1934) поэтикалык жыйнактарынын, «Байыркы дүйнөнүн перзенти» (1930) аңгеме китебинин жана «Кайгылуу үч дөбө» (1934) антифеодалдык музыкалык драмасынын автору. Улан-Батордо Н-дун мемориал музейи бар.