НАРЫН (Аксы р-ну)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРЫН - Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Назаралиев атындагы айыл аймагына караштуу. Нарын д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 503 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 70 км түштүк-чыгыш тарапта. ҮчКоргон т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 3 км. Калкы 7155 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, оорукана, ФАП, дарыкана, маданият үйү, клуб, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, кафе, чайкана, тегирмен ж. б. иштейт.