НАРАЯНГАНЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРАЯНГАНЖ — Бангладештеги шаар. Сита­лакхья д-нын боюнда жайгашкан. Бангладеш­тин борбору Дакканын шаар-спутниги. Калкы 1,5 миллион (2010). Жут, кебез-кездеме, тамак-аш, фармацевтика, электр-техникалык, металл иштетү ө. ж. ишканалары иштейт.