НАПОЛЕОН III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАПОЛЕОН III, Шарль Луи Наполеон Бонапарт (20. 4. 1808, Париж - 9.1. 1873, Лондонго жакын жерде, Чизлхёрст) - француз императору (1852-70). Наполеон 1нин иниси - Луи Бонапарттын уулу. 1815-жылдан сүргүндө болгон. 1836- (Страсбургда) жана 1840-ж. (Булон­до) көтөрүлүш чыгарып, Франциядагы бийлик­ти тартып алууга аракет жасаган. 1840-ж. өмүр бою Гам чебиндеги түрмөгө кесилген. Андан 1846-ж. качып чыгып, Улуу Британияга кет­кен. Франциядагы Февраль революциясынан кийин келип, респ-нын президенттигине шайланууга (1848) жетишкен. 1851-ж. 2-декабрда аскер күч­төрүнүн жардамы менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, 1852-ж. 2-декабрда өзүн император деп жарыя­лаган. Н. III башкарган 2-империя (1852-70) ре­жими бонапартизмдин типтүү көрүнүшү болгон. Н. Шнүн өкмөтү ири буржуазиянын мүдөөсүнө төп келген көп согуштар жүргүзгөн. Анын ту­шунда Франция Крым согушуна (1853-56), Ав­стрияга каршы согушка (1859), Инди-Кытай (1858-62), Кытай (1856-58 жана 1860), Сирия (1860-61), Мексика (1862-67) ж. б. өлкөлөргө каршы интервенцияларга катышкан. Франция­Пруссия согушунун убагында (1870-71) Н. III Седандын жанында (1870) туткундалып, Париж­деги революциянын убагында 1870-ж. 4-сентябрда тактыдан түшкөн. 1871-ж. Франкфурт тынчты­гына кол коюлгандан кийин туткундан бошо­тулуп, өмүрүнүн аягына чейин Улуу Британия­да жашаган.