НАНЫПАНЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАНЫПАНЬ — Кытайдагы тоо тармагы. Цайдам чуңкурдугу (түштүк) менен Алашань чөлүнүн (түндүк) аралыгында 800 кл«ге созулат; кээде Куньлундун бир бөлүгү катары каралат. Бийикт. 5808 мге чейин. Туурасынан жаткан бийик тоолордон (Циляныпань, Сулэнаныпань - бийикт. 6346 м, Улан-Дабан, Дакэн-Дабан ж. б.) турат. Кумдук сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн; карст процесси өнүккөн. Альп рельефи мүнөздүү; ЮООге жакын мөңгү бар. Батышында чөл жана талаа, чыгышында талаа жана токойлуу талаа, ийне жалбырактуу токой, шалбаа басымдуу. Темир, полиметалл кендери бар.
