НАНИТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНИТА - жаздык арпа сорту. Кыргызстан дый­канчылык ИИИде Унионду Нутанс 5926 сорту менен гибриддештирип алынган. Сабагынын би­йикт. 85-106 см, анча жапырылбайт. Даны са­ры, 1000 данынын салмагы 46-51 г. Курамында 14% белок болот. Вегетация мезгили 70-80 күн. Кара көсөө, гельминтоспориоз, чаңгыл кебер ил­детине анча чалдыкпайт. 1 га жерден 57,6 цден түшүм алынат. Кыргызстандын тоолуу жерлеринде эгилет.