НАМИБИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМИБИЯ, Намибия Республика­с ы - Түштүк-Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Ангола жана Замбия, чыгышынан Ботсвана, түштүк-чыгышынан жана түштүгүнөн ТАР менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 824,3 миң км2. Калкы 2,2 миллион

(2009). Борбору - Виндхук ш. Администрациялык-аймактык жак­тан 13 районгО-бөлүнөт. Акча бирдиги - нами­бия доллары.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)

Райондору

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Каприви

19,53

90,43

Катима Мулило

Эронго

63,72

173,60

Свакопмунд

Хардап

109,89

63,57

Мариенталь

Карас

161,33

71,58

Китмансхуп

Окаванго

43,42

292,42

Рунду

Кхомас

36,81

324,53

Виндхук

Кунене

144,26

68,23

Опуво

Охангвена

10,58

256,40

Энхана

Омахеке

84,73

76,69

Гобабис

Омусати

13,64

245,54

Оутапи

Ошана

5,29

238,65

Ошакати

Ошикото

26,61

178,56

Цумеб

Очосондьюпа

105,33

158,68

Очиваронго

Н. БУУнун (1990), ЭВФтин (1990), Эл ара­лык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - пар­ламенттик республика. Конституциясы 1990-ж. кабыл алынган. Мамлекет башчысы - прези­дент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку ор­ганы - эки палаталуу (Улуттук чогулуш жана Улуттук кеңеш) парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт (Министрлер кабинети) ишке ашырат. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партияла­ры: Н. Түштүк-Батыш Африка элдик уюму, Демо­кратия жана прогресс үчүн чогулуш, Демокр. альянс, Бириккен демокр. фронт, Мониторинг тобу ж. б. Н-нын саясаты өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого багытталып жана дүйнөнүн бардык өл­көлөрү (өзгөчө африкалык) менен достук мамиле­ни өнүктүрүүгө умтулат.

Т а б и я т ы. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн бөксө тоо (бийикт. 900-1500 м) ээлейт. Ал түн­дүктү карай жантайып келип, жээк түздүгүнө - Намиб чөлүнө тик түшөт. Эң бийик жери - Брандберг чокусу (2573 м). Батышында дүйнө­дөгү эң ири чөлдөрдүн бири Намиб чөлу (аянты 824,3 миң км2) жана Калахари жатат. Климаты тропиктик, кургак. Январдын орт. температурасы 18-27°С, июлдуку 12-16°С. Жылдык жаан-ча­чыны жээктеринде 100 лшден эң четки түндүк-чы­гышында 700 ммге жетет. Негизги дарыялары Оранж жана Кунене. Тропиктик чөл жана кызыл­күрөң саванна топурагы басымдуу. Намиб чөлүн­дө сейрек кездешүүчү суккулент өсүмдүктөр,

Намибиядагы супа тоонун этеги.

бөксө тоолорунда ксерофит бадалдары, тооло­рунда жарым чөл жана чөлдөшкөн саванна өсөт. Этоша, Намиб, Скелеттүү Жээк жана Ноуклуф­берге улуттук парктары уюштурулган.

К а л к ы. Негизинен камсы овамбо, кой-коин (нама, дамара), гереро элдери, ошондой эле. башкы улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен христиан ди­нин тутат. Расмий Тилдери - англис, немис жана африка тилдери. Орт. жыштыгы 1 км2ге 2,5 киши. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 ки­шиге 42,1), өлүм-житим төмөн (ЮООге 8,6; жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 59,8). Калкынын жашынын орт. узактыгы

эркекте­риники - 59 жаш, аялдарыныкы - 62. Шаар калкы 37% (2008). Ири шаарлары: Виндхук, Свакопмупд, Рунду, Рехобот.

Уолфиш-Бей шаарынын жалпы көрүнүшү.
Shape 4040

НАМИБИЯ

Т а р ы х ы. Түштүк-Батыш Африка аймагына, азыркы Н-га алгач койсан тилинде сүйлөгөн элдер­дин (бушмендердин) ата-бабалары отурукташ-

Намибиялыктар

кан. Мал химба, тжимба уруулары Каоко тай­пак тоосунун түштүгүнө, геререро, мбандерулар борбордук райондоруна, орламдар түндүк-батыш бөлүгүнө жер которушкан. Кунене жана Окаван­га д-нын жээктерине овам уруусу жайгашкан. 1830-50-жылдарда орлам уруусунун башчысы Йонкер Африкаанер көптөгөн урууларды багын­тып, аймактык-аскер уюмун түзүп, Н. аймагын бийлеген. 1878-ж. Улуу Британия Н-нын Уол­фиш-Бей аймагын өз үнүн ээлиги деп жарыяла­ган. 1883-84-ж. Н-ны Германия колониялап, аны германиялык Түштүк-Батыш Африка протек­тораты деп атаган. Ага каршы жергиликтүү уруулар бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан, 1-дүйнөлүк согуштан кийин Н-нын Түштүк Африка союзунун (ТАС) көзөмөлүнө өтүшү менен Овамболенде коло­ниялык бийлик биротоло орногон. 1920-ж. Н-да түштүк-африкалык расачыл кордоо саясаты тара­ган. 1968-ж. Аны башкаруу укугу БУУга бери­лип, 1968-ж. өлкөнүн аты Намибия деп өз­гөргөн. 1966-ж. Н-да түзүлгөн Түштүк-Батыш Аф­риканын элдик уюмунун СВАПО куралдуу от­ряддарынын- боштондук күрөшүнүн натыйжа­сында 1990-ж. 21-мартта Н. өзүнүн көз каран­дысыздыгын алган. Н-нын алгачкы президен­ти, СВАПОнун лидери Сэм Нуйома. 2005-жыл­дан Хификепунье Похамба.

Намибия акчасы - намибия доллары.

Ч а р б а с ы. Н. - өнүгүп келе жаткан өлкө. Экономикасынын негизин тоо-кен ө. ж. (экс­порттон түшкөн кирешенин х/2и) ээлейт. ИДП­нин көлөмү 13,8 миллиард долларды (АКШ, 2009) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 6,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56,0 (% менен), ө. ж-дыкы 34,8, а. ч-ныкы 34,8. Алмаз (негизинен зергерчилик­те колдонулат), алтын, күмүш, аметист, уран (дүйнөдө 6-орун), коргошун, цинк, калай, воль­фрам, жез, ванадий жана күкүрт казылып алы­нат. 2007-ж. 1,65 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия (жез, коргошун ж. б.), тамак-аш (эт, сүт, балык), жыгаччылык, жеңил (анын ичинде тери өңдөлүп, булгаары даярда­лат) ө. ж. ишканалары иштейт. А. ч-нын баш­кы тармагы - мал чарбачылыгы. Каракөл кою, бодо мал, ангора эчкиси асыралып, үй кушта­ры багылат. Ошондой эле страус жана крокодил багуу­чу фермалар иштейт. Жүгөрү, сорго (ак жүгөрү), буудай, бал камыш жана жашылча айдалат. Ав­томобиль жолунун уз. 42,2 миң км (анын ичинде ас­фальтталганы 5,4), т. ж-нуку 2,6. Деңиз порт­тору: Уолфиш-Бей, Людериц. Сыртка алмаз, түстүү металл, алтын, уран концентраты, эт азыктары жана тирүүлөй мал, тоңдурулган ба­лык жана балык продуктулары, каракөл кою­нун териси (дүйнөдө алдынкы орунда) чыгары­лат. Валыкчылык менен чет өлкөлүк туризм өнүккөн. Негизги соода шериктери: ТАР, Кы­тай, АКШ, Европа союзуна кирген өлкөлөр.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки, башталгыч, орто, атайын кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 66%ти түзөт (2008). ЖОЖдору, китепкана, музейлери бар. «Альге­майне цайтунг», «Намиб таймс», «Намибия Ньюс» ж. б. англис жана немис тилдеринде ге­зит-журналдар чыгат. Радиоуктуруусу 1960- жылдан, телекөрсөтүүсү 1962-жылдан иштейт, ошондой эле маалымат агенттиги бар.

Н. - миңдеген жылдар мурун жасалган аска таштарына чегилген сүрөт-чиймелерге бай өлкө. Алар минералдык боёк-сырлар менен тартылган, ташка чегилген петроглифтер бар. Алардын көбү бушмендер тарабынан жасалган. Айыл жерин­де жашагандардын көпчүлүгү саман, камыш, ылайдан жасалган чатыр үйлөрдө турушат. Ме­таллды иштетип, шуру жасап, курал-жарактар­ды кооздоо өнөрү өнүккөн.