МҮЛКТҮ КОНФИСКАЦИЯЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮЛКТҮ КОНФИСКАЦИЯЛОО - кошумча жа­залардын бири. М. к. - кылмыш жасоодон алынган соттолуучунун менчиги болгон мүлктүн бардыгын же бир бөлүгүн мамлекеттин менчи­гине акысыз мажбурлап алууну билдирет. Эгер мүлктүн бир бөлүгү конфискацияланса, сот мүлктүн кандай бөлүгү конфискацияларын көр­сөтүүгө же конфискацияланган нерселерди тиз­мелеп берүүгө тийиш. Бирок соттолуучу же анын багуусунда турган адамдар үчүн зарыл нерселер конфискацияланбайт.