МЫЯЗДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫЯЗДЫ (мыяз - пияз жана -ды мүчөсү; пияз­дуу аймак) - Ош обл-нун Алай р-нундагы кыш­так. Жошолу айыл аймагына караштуу. Жо­шолу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1865 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 17 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. беке­тинен 100 км. Кыштак 1975-ж. негизделген. Кал­кы 1000 (2010); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Негизги мектеп, китепкана жана ФАП бар.