МУССОЛЙНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУССОЛЙНИ Бенито Амилькаре Андреа (29. 7. 1883, Форли провинциясы, Довиа кыш. - 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) - 1922-43-ж. итал. фашисттик диктатор. 20-к-дын башталышын­да Швейцарияда жашап, жумушчу .болуп иш­теген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекени­не кайтып келгенден кийин журналист, окутуу­чу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аван­ти» социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна да­йындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталган­да Италия Антанта уюму­на кириш керек деген аги­тация жүргүзгөндүгү үчүн социалисттик партиядан (ИСП) чыга­рылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-ж. мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-ж. 2-октябрда М. Ита­лия парламентинен

бийлик­ти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-ж. М-нин өкмөтү өлкөдө фашисттик террор тартибин кир­гизип, агрессиячыл саясат жүргүзгөн. 1933-ж. Гитлер бийликке келгенден кийин, аны менен саясий жана согуштук союз түзгөн жана Эфиопия­ны (1936) басып алган. М-нин демилгеси менен 1937-ж. Үчтүктөр союзу (Италия, Германия, Япония) түзүлгөн. 1938-ж. сентябрдагы Мюнхен макулдашуусун (1938) уюштуруучулардын бири. Италия 2-дүйнөлүк согушта Германия тарапта катышкан. Согушта

немистик-фашисттик жана итал. аскерлердин жеңилишинен, ошондой эле Ита­лияда фашизмге каршы кыймылдын күч алы­шынан улам М-нин диктатурасы кыйраган (1943-ж. 25-июль). 1945-ж. итал. партизандар колго түшүрүп, Түндүк Италиянын Улуттук-бош­тондук комитетинин аскер трибуналынын өкүмү боюнча өлүм жазасына тартылган.

Ад.: Белоусов Л. С. Муссолини: диктатура и демагогия. М., 1993; Мэк Смит Д. Муссолини. М., Нью-Йорк, 1995; Хибберт К. Б. Муссолини. М., 1996.