МУСАЕВ Тешебай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАЕВ Тешебай (10. 1. 1894, азыркы Ош обл„ Кара-Суу р-ну, Дыйкан-Кыштак кыш. - 17. 1. 1990, ошол эле жер) - пахтачы, Социалисттик Эмг. Баа­тыры

(1951). 1932-ж. Кара­Суу р-нундагы «Кызыл­Шарк» колхозунда колхоз­чу, 1945-жылдан дыйканчы­лык бригадасынын брига­дири болуп иштеген. Ал башкарган бригада 1950-ж. 310 га жердеги пахтанын ар гектарынан 45,6 цден түпгүм алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сый­ланган.