МУКАСОВ Ысманалы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАСОВ Ысманалы (26. 9. 1957-жылы туулган, Чүй обл., Чүй р-ну, Кайырма айылы) - философ, философиялык илимдеринин доктору (2001), проф. (2005), КР УИАнын корр. мүчөсү (2010), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2002), И. К. Ахунбаев атындагы жогорку Ака­демиялык сыйл. лауреаты (2013). 1979-ж. КМУ­ну тарых факультетин, МГУнун аспирантурасын (1987), КР УИАнын докторантурасын (1996) бүтүргөн. 1979-83-ж. КРдин ЖОЖдорунда оку-

ТУУЧУ, 1988-2005-ж. КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөө ин­тунда кенже, улук, же­тектөөчү илимий кызматкер, 2005-жылдан философия­нын тарыхы бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз элинин маданиятынын жана философиялык ой­ломунун тарыхы боюнча адис. ЮОдөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.

Эмг.: Роль художественного наследия кыргызов в познании социокультурного процесса. Б., 2008; 2010; Философская мысль в контексте развития кыргызской культуры. Б., 2010.