МУЗ ЧӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗ ЧӨЛҮ - өсүмдүктүн ордуна муздук же мөңгү кеңири таралган аймак, суук чөлдүн бир түрү. Абанын температурасынын төмөндүгүнөн жана ным­дын физиол. жетишсиздигинен өсүмдүк өспөйт. М. ч. ландшафты Антарктидага, Гренландия­га, ошондой эле бийик тоолордун гляциалдык-нивал­дык зоналарына мүнөздүү.