МУЗЫКАЛЫК МИНИАТЮРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК МИНИАТЮРА (латынча miniatura – кызыл боёк) – аткаруучулардын ар түрдүү тобуна арналган чакан музыкалык чыгарма. Поэзиядагы, сүрөт өнөрүндөгү миниатюра сыяктуу эле музыкалык миниатюра да лирикалык маанайда, учкул мүнөздүү, элестүү чыгармалар болуп саналат.