МРАМОР ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МРАМОР ДЕҢИЗИ, Мармара деңизи [түркчө - Магтага, ушул деңиздеги аралдын аты­нан; ал аралдан ак мрамор казылып алынган; деңиздин байыркы грекче аталышы - Пропонтида (Ргоропйв; рго - алдыңкы жана роп1оз деңиз)] - Атлантика океанындагы жер ортолук деңиз; Ев­ропа менен Кичи Азиянын аралыгында. Түркия­нын жээгин чулгайт. Босфор кысыгы аркылуу Кара деңиз, Дарданелл кысыгы аркылуу Эгей деңизи менен туташат. Аянты 12 миң км2, уз. 280 км, эң жазы жери 80 км. Суусунун орт. көлөмү 3 миң км3, эң терең жери 1273 м. Көл чанагы Европаны, Азияны жана Африканы бөл­гөн тектоникалык ири жаракадан пайда болгон. Жээ­ги тоолуу, түштүгү менен чыгышы булуң-буйтка­луу; түндүк жээктеринде суу астындагы рифтер арбын. Мармара, Канзаадалар ж. б. аралдары бар. Деңиз тоңбойт, суунун үстүнкү бетинин температурасы кышында 8-9°С, жайында 29°Сге че­йин. М. д-нин гидрол. режиминде Кара жана Эгей деңиздеринин суу алмашуусунун мааниси зор. Туздуулугу түндүгүндө 20%о, түштүгүндө 25-26%о. Балык (скумбрия ж. б.) кармалат. М. д. аркы­луу Кара деңизден Жер Ортолук деңизге маа­нилүү коммуникациялар өтөт. Түндүк жээгинде Стамбул ш. жайгашкан.