МОЧЕВИНА
МОЧЕВЙНА, к а р б а м и д, Н2МСОМН2 - көмүр кислотасынын толук амиди, карбон кислотасынын амиди; түссүз кристалл; эрүү 11327°С. Сууда, спиртте, суюк аммиакта, күкүрттүү ангидридде жакшы эрийт. 1773-ж. фр. химик И. Руэлл ачкан. 1828-ж. Ф. Веллер циандуу аммонийди ысытуудан 1-жолу синтездеп алган. М. реакцияга өтө жөндөмдүү бирикме. Көптөгөн заттар менен комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. 150- 160°Сге чейин ысытканда ажырайт, суу эритмелерин ысытканда СО2 жана ЫН3кө чейин гидролизденет, кислоталар (НЛО3, НС1 ж. б.) менен туздарды пайда кылат. М-ны алкилдегенде алкилмочевина, спирт менен уретандарды пайда кылат; фомальдегид менен оңой конденсацияланат. М. - көпчүлүк омурткалуу жаныбарлар менен кишинин белок алмашуусунун акыркы заты. Ал кан, булчуң, шилекей, лимфа, сүт ж. б. суюктуктарда жана ткандарда болот. Жаныбарлардын суу режимин жөнгө салууга катышат. М-ны бөйрөк, тер бездери бөлүп чыгарат. Заарадагы М. тамакаштагы белоктун санына, курамына жана ажыроо деңгээлине жараша болот. Бөйрөктүн иши бузулганда, ооруганда ткань белоктору көп ажырап, канда М. көбөйөт (к. Уремия). Ө. ж-да аммиактан жана көмүртек кош окисинен алынат. Ал карбамид чайыры, мочевина формальдегид жер семирткичи, цианит, циан кислотасы жана анын эфирин, айрым боёкторду, уктатуучу дарыларды алууда пайдаланылат. Ошондой эле азот жер семирткичи катары колдонулат.