МОЧАЛОВ Павел Степанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЧАЛОВ Павел Степанович [3 (15). 11. 1800, Москва - 16. (28). 3. 1848, ошол жер] - орус актёру, орус романтизминин көрүнүктүү өкүлү. Актёрдун үй-бүлөсүнөн. 1817-жылдан Москва театрында (азыркы Кичи театр) иштеген.

МОЧАЛОВ Павел Степанович

Социалдык теңсиздикке каршы күрөш­көн көптөгөн каармандар­дын образын түзгөн: Гам­лет, Отелло, Король Лир (Шекспир, «Гамлет», «Отел­ло», «Король Лир»), Чац­кий (А. Грибоедов, «Акыл азабы»), Фердинанд жана Карл Моор (Ф. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү», «Каракчы») жана башка ролдорду аткарып, кейипкердин ички дүйнөсүн чебердик менен ачып берген. Анын талантын Н. В. Гоголь, М. Ю. Лермонтов, И. С. Тургенев, А. Н. Островский жогору баалашкан.

Ад.: Ласкина М. Н. П. С. Мочалов: летопись жизни и творчества. М., 2000.