МОНОГЕНЕЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОГЕНЕЯЛАР - мите жалпак курттар клас­сы. Дене уз. лглгден 2-3 смте чейин. Балыктын денесинин сыртында жана бакалоорунда жашоо­чу эктомителер, чанда эндомителер, мисалы, жер­де-сууда жашоочулар менен сойлоочулардын (таш баканын) ички органдарында жашайт. Денеси­нин арт жагында ээсине жабышкыч (бекингич) дисктери болот. Кээде ал диск күчтүү соргучка айланат. Денесинин алдынкы жагында оозу жай­гашкан, тамак сиңирүү системасы жакшы өөр­чүгөн. Кан айлануу жана дем алуу органдары жок. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридий ти­бинде болуп, эки жагынан жылчыктар ачылат. Нерв системасы, сезүү жана көрүү органдары бар. М. - гермафродиттер, жумуртка, чанда жумурт­ка-тирүү, тирүү тууйт. 2 классчасы, 2000дей түрү белгилүү. Айрым түрлөрү көлмөлөрдө өстүрүлүүчү жаш балыктарга мителик кылып, зыян кел­тирет.