МОЗОЛЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МОЗОЛЕВ Леонид Никандрович (30. 3. 1925, Псков обл., Оповец р-ну, Молол кыш. - 23. 3. 1976, Фрунзе) - геолог, СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1976). Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмг. сиң. кызматкери (1975). 1952-ж. Ленинград мамлекеттик университетин бүткөн. 1952-76-ж. Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын геол. партиясынын геологу, улук геологу, башчысы. Кыргызстандагы жаңы кендерди ачууда жана чалгындоодо жигердүү эмгек сиңирген. Алтын кендерин ачууга катышкандыгы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» төш белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордени (1966) менен сыйланган.