МИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИНА — 1) жашыруун орнотула турган жарыл­гыч зат. Душманды чыгымга учуратуу, алга жы­лышына бөгөт болуу жана согуш аракетин кы­йындатуу максатында бөгөт (жарылма чек) коюу үчүн колдонулат. Аскер ишинде танкаларга жана аба чабуулуна каршы, деңиздик, магнит­тик, бутаны өзү издеп табууга жарамдуу ж. б. М-лар колдонулат; 2) миномёттон атылуучу жарылма ок-дары. Ал душмандын адам күчүн жана атма куралдарын жок кылууга, коргонуу чебин кыйратууга арналган. М-нын жарылма, чачырап-жарылма, чачырама, түтөткүч, күйгүз­гүч, жарык бергич ж. б. түрлөрү бар. Дүрмөт­төлгөн М. тулкусунан (болот же болоттуу чоюн­дан), негизги жана кошумча дүрмөттөндүргүчтөн, жаргыч заттан жана жөндөгүчтөн турат.