МЕРКАНТИЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕРКАНТИЛИЗМ (итальянча mercante - соода­гер) - саясий экономиянын биринчи мектеби; алгачкы капитализм мезгилинде мамлекеттин чарбалык турмушка активдүү кийлигишүүсү менен мүнөздөлүп, көпөстөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык саясат. Меркантилисттер өлкөнүн негизги байлыгы баалуу металлдар (алтын ж. б.) жана акча деп эсептешкен. Алар экспортту көбөйтүп, импортту чектөөнү сунуштаган.

Көрүнүктүү өкүлдөрү: Т. Мон, Ж. Б. Кольбер, И. Посошков, В. Татищев ж. б. Өзгөчө орунду И. Посошковдун эмгектери ээлейт. Ал өлкөнүн байлыгын көбөйтүү үчүн акча эмес, товар өн­дүрүүнү күчөтүү керек экендигин көрсөткөн.