МЕЙЕРХОЛЬД Всеволод
МЕЙЕРХОЛЬД Всеволод Эмильевич (Карл Казимир Теодор Майергольд) [28. 01 (9.02). 1874, Пенза - 2. 02. 1940, Москва] советтик режиссёр жана актёр, Республиканын эл артисти (1923). Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайын бүтүрүп, 1898-902-жылдары Москва көркөм театрында актёр болуп иштеген. 1902-1906-жылдары «Жаңы драма театры» труппасынын актёру

жана режиссёру. Ушул мезгилде В. Мейерхольд символизмдин поэтикасына байланыштуу шарттуу-эстетикалык театрдын программасын көтөрүп чыгат.
1917-жылы саясий-агитациячыл театр уюштуруу идеясын көтөргөн. Херсон, Николаев, Петербург жана башка шаарларда актёр жана режиссёр болуп иштеген. 1920-1938-жылдары Москва театрын (Мейерхольд атындагы театр) жетектеген. В. Мейерхольд мамлекеттик Жогорку режиссёрдук (кийинчерээк театрдык) өнөрканаларды уюштурган, ал жерден актёрлор тобу үчүн жаңы - биомеханика ыкмасын иштеп чыккан. В. В. Маяковскийдин «Мистерия-Буфф» (1921), «Кантала» (1929) жана «Мончо» (1930), Н. Р. Эрдмандын «Мандат» (1925), А. Н. Островскийдин «Токой» (1924), Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү» (1926); А. С. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1928), А. Дюманын (уулу) «Камелия кармаган аял» (1934) жана башка спектаклдерди койгон.