МЕДЕТОВ Сейдалы
МЕДЕТОВ Сейдалы (17. 5. 1928, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Түгөл-Сай айылы - 1958, Фрунзе) - композитор, комузчу. Атайдын шакирти. 12 жашынан Нарын элдик театрында,

Кыргыз филармониясында комузчу болгон. 1944-1949-жылдары Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын виолончель жана дирижёрлук класстарында окуган. 1949-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция классын бүтүргөн. 1958-жылы аба кырсыгынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
1950-58-жылдары «Майрамдык увертюра», фортепьяно үчүн «Скерцо», эл аспаптар оркестри үчүн «Пахтачы кыздын бийи» аттуу симфониялык оркестр үчүн сюитаны, «Бактылуу Кыргызстан», «Токтогулдун арманы», «Кең Ала-Тоо» хорлорун, «Какшаалдан кат» жана башка ырларды, «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн» даректүү фильминин музыкасын жана башка чыгармаларды жазган. Ысмы Түгөл-Сай орто мектебине ыйгарылган.