МАЛЕВИЧ Казимир Северинович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
МАЛЕВИЧ Казимир Северинович

МАЛЕВИЧ Казимир Северинович [11 (23). 2.1878 (79), Киев - 15. 5.1935, Ленинград] - советтик сүрөтчү, график, искусство теоретиги, орус авангардизми­нин эң көрүнүктүү өкүлү. Абстракттуу искусство­нун суперматизм аталган түрүн негиздеген («Кара квадрат», 1913). К. Малевич Киевдеги сүрөт мектебинде (1895-1896), Москва живопись, ийчилик жана зод­чийлик окуу жайында (1904) жана Ф. И. Рербер­гден (1905-1910) окуган. 1911-1812-жылдарыы неопримити­висттик, 1913-1914-жылдары кубисттик менен кубофуту­ристтик маанайдагы чыгармаларды, 1914-1915-жылдары

К. С. Малевич. «Ка­ра буудай жыйноо». 1912, Амстердам.

супрематикалык (ачык фондо геометриялык жөнөкөй түркүн түстүү фигуралардын айкалышы) сүрөт­төрдү, 1920-жылдардын 2-жарымында супрема­тикалык мейкиндиктик конструкцияларды жараткан. 1920-жылдарда постсупрематикалык живопис­тик иштери пайда болгон. 1912-1915-жылдардагы эм­гектеринин стилине «акылдуу реализм», «кубо­футуристтик реализм» деген аныктама берген. 1915-жылы Петроградда өткөн көргөзмөдө Малевич «Жи­вопистеги супрематизм» деген жалпы аталыш менен 39 сүрөтүн («Ак фондогу кара квадрат», «Кара квадрат» жана башкалар) койгон. М. В. Матюшин­дин «Күндө жеңүү» (1913) операсын жана В. В. Мая­ковскийдин «Мистерия-буфф» чыгармасынын постановкасын жасалгалаган. Малевичтин чыгармачылыгы XX кылымдагы искусствого зор таасир тийгизген.

Ад: Сарабъянов Д., Шатских А. К. Малевич. Жи­вопись. Теория. М., 1993; «Малевич о себе. Современники о Малевиче». Письма. Документы. Воспоминания. Критика» (RA, 2004).