МАК-КИНЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАК-КИНЛИ - Аляска кырка тоосундагы чоку, АКШда. Түндүк Американын эң бийик жери (6194 м). Этегин ийне жалбырактуу токой, 1300- 1500 лгден жогору түбөлүк кар жана мөңгү ээлейт. Денали улуттук паркынын курамына кирет. АКШнын президенти У. Мак-Кинлинин урматынан аталган.