МАКМАЛ (суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКМАЛ - Тогуз-Торо жана Ак-Талаа р-ндору аркылуу аккан суу, Алабуганын сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 441 км2. Жалгыз­Кыр тоосунун түштүк-чыгыш тарабынан башта­латынча Өрөөнүнүн таманы түзөң, үчүнчүлүк мезгил­дин тоо тектеринен турган чаптардын каптал­дары тик. Негизинен кар, булак жана жаан-ча­чын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгы­мы 1,8-2,5 м3/сек, эң көп чыгымы июнь-июл­да, эң азы февраль-мартта байкалат. Ири куй­малары: Караңгы-Токой, Алма, Чоң Таш (сол).