МАЙЯ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙЯ ТИЛДЕРИ — индей тилдеринин уясы. Үч бутагы бар: 1) майя тилдери (майя-киче) Мек­сиканын түштүгүндө жана түштүк-батышында, Гва­темалада жана Белизде: майя (к. Майя жазуу­су), юкатек майя (Юкатан жана Белиз; 16-17- к-дагы латын алфавитиндеги жазма эстелик­тер), уастек, чоль, цельталь, маме тилдери, киче, поком (покомам жана покомчи) ж. б.; 2) Мекси­канын түштүгүндөгү соке-мише тили: соке, та­пачультек, веракрусс пополука, мише; 3) Мек­сиканын чыгышындагы тотонак тилдери: то­тонак, тепеуа.