МАЖАКЫПОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЖАКЫПОВ Тажыбай (1906, азыркы Ош обл., Ноокат району, Караван кыш. - 1985, ошол эле жер) - тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмг.

Баатыры (1950). Коллективдештирүү убагында колхозго биринчилерден болуп ки­рип, алгач колхозчу, 1936- жылдан тамеки өстүрүүчү­лөр бригадасынын бригади­ри болуп иштеген. 1949-жылы ал башкарган бригада 16 га жердеги тамекинин ар гек­тарынан 19,34 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ор­дени менен сыйланган.