МАДЫМАРОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАДЫМАРОВ Абдулла (1919, азыркы Ош обл.,

Өзгөн району, Мырза-Аке кыш. - 1983, ошол эле жер) - дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-45). Эмгек жолун 1930-жылы Ош облусу Өзгөн р-нундагы Будённый атындагы а. ч. артелинде колхозчу, 1946-51-ж. дан эгиндери
боюнча звено башчысы болуп иштеген. Анын звеносу 1947-жылы 32 га аянттагы буудайдын ар гектарынан 30,8 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.