МАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЫ - Ош облусу Кара-Суу р-нундагы кыш­так. Мады айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1145 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кара-Суу ш-нан 31 км түштүк-чыгыш тарап­та. Ош т. ж. бекетинен 12 км. Кыштак 1870-жылы чейин негизделген. Калкы 1731 (2009); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, ФАП, дарыкана бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жай­лары иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры У. Садыков туулган. Ңыштакка жакын жерде Мады. шаар калдыгы сакталган.