МАДЕЙРА (дарыя)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЕЙРА - Боливия менен Бразилиядагы дарыя, Амазонканын ири оң куймасы. Анд тоолору­нан башталган Маморе жана Бени д-нын ко­шулушунан пайда болот. Уз. (Маморе д-нын башталышынан) 3352 км, алабынын аянты 1391 миң кл«2. Жогорку агымында Бразилия бөксө тоосун айланып агып, босоголорду жана шар­кыратмаларды пайда кылат. Порту-Велью ш-нан тартып Амазонка ойдуңу аркылуу агат. Төмөнкү агымында М-дан бөлүнгөн оң салаа­сы - Амазонкага куюп, Амазонка менен М. бири­гет да Тупинамбаранас а-н түзөт. Жайында жаан-чачын көп жааганда суу кирет. Орт. чы­гымы 30,5 миң м?/сек. Деңгээлинин өзгөрүүсү 12 лгден жогору. Чатынан Порту-Велью (Бра­зилия) ш-на чейин үзгүлтүксүз кеме жүрөт (1060 км).