МАДАЗИМОВ Болуш
МАДАЗИМОВ Болуш [22. 7. 1927, азыркы Ош обл., Кара-Суу району, Кыргыз-Чек (мурдагы Лаглан) айылы - 1.2. 2002, ошол эле жер] - комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1989). Ош облустук кыргыз драма театрында, Жалал-Абад элдик театрында (195419-62), 1962-жылдан өмүрүнүн акырына чейин туулуп-өскөн айлындагы орто мектепте музыка мугалими, клуб башчысы болуп эмгектенген.

Кыргыз улуттук телерадиосунун алтын казынасына комузчулар Токтогул, Карамолдо, Ныязаалы, Коргол, Ыбырайдын күүлөрүн жана 100гө жакын элдик күүлөрдү жаздырган. Анда «Саринжи, Бөкөй», «Солтон Сары», «Бекарстан», «Бала баатыр Курманбек», «Аксаткын менен Кулмырза» аттуу күүлөр да бар.
Корголдун «Ак бакай» аттуу обонун кара күү түрүндө иштеп чыккан. Республикада алгачкылардан болуп комузчулардын үй-бүлөлүк ансамблин уюштурган. 1976-жылдан ансамбль - Элдик комузчулар ансамбли деп аталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.
