МАГНИТОСФЕРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАГНИТОСФЕРА Жердинжанапланеталардын — планетанын айланасындагы
мейкиндиктин бир бөлүгү. Анын физикалык касиеттерин Жердин магнит талаасы менен жана ал талаанын космостон (Күн шамалынан) келген заряддуу бөлүкчөлөрдүн агымы менен болгон өз ара аракеттениши боюнча аныктайт. Жердин М-сы күн тийген тарабында 8-14 Жер радиусундагы (Л) аралыкка созулат, ал эми түнкүсүн кыйла узарып, бир нече жүздөгөн радиуска жетет да, Жердин магниттик куйругун пайда кылат. М-да радиациялык алкактар бар. Юпитер менен Сатурндун М-сы узун, Меркурий, Венера, Марстын М-сы даана эмес.