МАГАДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГАДАН - Россиядагы шаар (1939-жылдан). Магадан облусу администрациялык борбору. Охота деңизи­нин Нагаев бухтасында жайгашкан порт. Кал­кы 98,9 миң (2010). Россиянын Түндүк-Чыгышын­дагы жыл бою иштеген ири порт (2010-жылы 1,1 миллион гжүк ташылган). «Колыма» федерация ав­тотрассасынын (Магадан - Сусуман - Якутск) баштапкы пункту. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу жана металл иштетүү (автомобиль, трактор ж. б.), химиялык, тамак-аш (негизинен ба­лык беленделет) ө. ж. ишканалары, механика заводу иштейт. Россия ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлү­мүнүн Түндүк-Чыгыш илимий борбору, анын курамын­да Түндүктүн биол. проблемалары институту, «Арк­тика» борбору; ошондой эле ИИИлер, 2 театр, край таануу музейи бар. Кафедралуу собор (2001-08), Байланыш, маданият үйлөрү ж. б. имараттар ку­рулган. Шаар 20-к-дын 30-жылдарынын башын­да Россиянын түндүк-чыгышынын табигый ресур­старын өздөштүрүүгө байланыштуу пайда бол­гон. 1953-жылдан Магадан облусунун администрациялык бор­бору. 1957-65-ж. СССР ИИМдин Түндүк-Чыгыш эм­гек-түзөтүү лагерлеринин башкармалыгы жай­гашкан.