МААНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААНИ - 1) адамдын ишмердүүлүгундө пред­меттин, кубулуштун, аракеттин орчундуулугу, ролу; 2) кайсы бир тилдин бул же тигил туюнт­малары (сөз, сүйлөм, белги ж. б.) менен байла­ныштыруучу мазмун. Тилдик туюнтмалардын М-си тил илиминде, логикада жана семиотикада изилденет; 3) физикалык чоңдуктун М-си - бул чоң­дукту ал үчүн кабыл алынган бирдиктин кан­дайдыр бир саны катары көрсөтүү, мисалы, 3 кг - кандайдыр телонун массасынын мааниси ж. б.