ЛЯХОВ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯХОВ АРАЛДАРЫ Жаңы Сибирь а. архипела­гында. Якутияга карайт. Курамына Чоң Ляхов (аянты 4,6 миң км2), Кичи Ляхов (1,3 мин клг2), Столбовой (170 км2) жана эң чакан Семёнов а. кирет. Бийиктиги 270 лгге чейин (Чоң Ляхов). Көп жылдык тоң каптап жатат. Термокарст процес­синен пайда болгон көлдөр бар. Ыраң, дан өсүмдүктүү тундра басымдуу, саздуу. 1941-жыл­дан уюл станциясы иштейт. 1712-жылы ачылган. Орус өнөр жайчысы, саякатчысы, Жаңы Жер аралдарын изилдөөчү - И. Ляховдун ысмынан аталган.