ЛЯОХЭ ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯОХЭ ТҮЗДҮГҮ, Түштүк Манжурия о й д у ң у - Сунляо тпүздүгүнүн бир бөлүгү; Кытайдын түндүк-чыгышында. Узундугу 360 км, туура­сы 120 кмте жетет. Негизинен Ляохэ д-нын ал­лювий тектеринен турат. Аймагында бийиктиги 580 мте жеткен айрым калдык тоолор (Дахэ­шань тоосу) көтөрүлүп жатат. Климаты муссон­дук, кышы мелүүн суук, жайы ысык, жаан-ча­чын көп жаайт. Жылдык жаан-чачыны 600- 700 мм. Гаолян, соя, чумиза айдалат. Табигый өсүмдүктөрү (бозомук күрөң топурактуу кур­гак талаа) жокко эсе. Л. т-ндөгү ири шаарлар - Шэньян, Аныпань.