ЛЮБА ЧИЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮБА ЧИЕСИ - чие сорту. Дарагы жапыз, шагы калың, түшүмдүү. Сөңгөгү каралжын, жаш бутактары саргыч күрөң, жалбырагы майда. Гүлү ак, айрымдарыныкы кызгылт. Мөмөсү ширелүү, тоголок, мөмө сабы узун, сулпу кызгылт, кыч­кылыраак, данеги чоң. Кыргызстандын бардык же­ринде өстүрүлөт, ө. ж-лык сорт.