ЛОГИКАЛЫК МЫЙЗАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГИКАЛЫК МЫЙЗАМ - ойлом баш ийген тартип, логикалык дедукциянын негизин тү­зүүчү мыйзамдардын, туура ой жүгүртүүнүн эре­же талаптарынын жалпы аталышы, ошондой эле ой­пикирлердин жалпыга маанилүү логикалык туюнтмасы (аксиома же теорема). Антикалык жана о. кылымдарда салттуу логикадагы эң ке­ңири колдонулган, чечмеленип түшүндүрүлгөн ойлом мыйзамдары: 1) т ө п т ү к мыйзамы («ар кандай ой өзүнө гана төп келет»); 2) к а р­шылыктуулук мыйзамы («эч бир пикир бир эле учурда чын жана жалган боло албайт»); 3) үчүнчүсүн жокко чыгаруу мыйзамы («ар кандай пикирдин өзү чындык же аны тануу чындык, үчүнчүсүнүн болушу мүмкүн эмес»); 4) ж е т е р лик негиз мыйзамы («ар кандай туура пикир жетерлик түрдө негиз­делиши зарыл»). Л. м-дарды туура сактоо менен алардын маанисин түшүнүү ойдун тактыгын, ырааттуулугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылат.