ЛИТВА ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИТВА ТИЛИ — литвалыктардын тили. Негизинен Литва Респ-сына тараган. Индевропа тилдеринин балтика тобуна кирет. Л. т. жямайт (төмөнкү литва) жана аукштайт (жогорку литва) деген негизги эки диалектиге бөлүнөт. Литва адабий тили ушул диалектилердин негизинде түзүлгөн. Л. т. славян тилдерине жакын. Анда славян жана герман тилдеринен кирген сөздөр арбын. Жазуусу 16-к-да латын графикасынын базасында түзүлгөн.