ЛИСТВЕНЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИСТВЕНЙТ - карбонат (анкерит), кварц, мус­ковит же фуксит (хром слюдасы) минералдары­нан турган метасоматоз тоо теги. Кээде кура­мында алтын кездешет. Кошумча түрдө пирит, тальк, хромит, актинолит, альбит, турмалин, рутил, сфен ж. б. минералдар жолугат. Өңү-түсү ачык жашыл (фуксит болгондо) же бозомук. Уль­транегиздүү (серпентинит ж. б.) жана негиздүү тек­терди гидротермдүү эриндилерин өзгөртүп жи­берүүчү таасиринен пайда болот. Линза же та­рамдашып орун алат. Алтыны бар кварц та­рамдарынын чет тарабын ээлейт.