ЛИВОН ОРДЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВОН ОРДЕНИ - Ливониядагы немис орде­ни; Тевтон орденинин үч бөлүмүнүн бири, ка­толиктик диний-рыцардык орден. Л. о. 13-16- к-да Саул салгылашуусунда (1236) талкаланган Кылыччандар орденинин калдыктарынын Тев­тон орденине кошулушунан түзүлгөн (1237). Л. о-нин карамагына герман рыцарлары басып ал­ган Чыгыш Прибалтикадагы латыш жана эстон жерлеринин 2/3 бөлүгү кирген жана ордендин ба­шында магистр туруп, анын резиденциясы Рим же Венденде (Цесисте) жайгашкан. 13-к-да Л. о. Чыгыш Прибалтикадагы немис феодалдары жана католик чиркөөсүнүн негизги аскер күчү бо­луп калган. 13-к-дын аягында Чыгыш Прибал­тикадагы саясий гегемония үчүн ригалык архи­епископторго каршы күрөштө жеңишке жетип,

Ливон орденинин Цесис ш-ндагы (Латвия) магистр­лер замогу. 13-к. 2008-ж. тартылган сүрөт.

1330-ж. Риганын феодалдык сеньоруна айлан­ган. 1346-ж. Л. о-не Түндүк Эстляндия кирген. Бирок Тевтон ордени талкаланган соң (к. Грюн­валъд салгылашуусу, 1410), Риганын үстүнөн 2 сеньордун (архиепископ жана Л. о-нин) бийлиги орногон. Мындай абал 16-к-дын 60-жылдарына чейин сакталган. Л. о. 14-15-к-да Литвага жана орустарга (Русь) каршы бир нече жолу согуш жүргүзүп, бирок алардан жеңилип калган (мисалы, Муз устундөгу салгылашуу, Дурбенин жанын­дагы салгылашуу, Эргемдеги салгылашуу). 16- к-дын 20-жылдарында немис феодалдары менен эстон дыйкандарынын карама-каршылыктары күчөп, Л. о. начарлаган. Ливон согушунун (1558-83) учурунда 1561-ж. Л. о. кулап, анын ордуна Курляндия герцогдугу түзүлгөн. Л. о. рас­мий түрдө 1562-ж. 5-мартта биротоло жоюлган.

Ад.: Матузова В. И., Назарова Е. Л. Крестоносцы и Русь: конец XII в. - 1270. Тексты. Переводы. Комментарий. М., 2002.