ЛЕОНОВ Евгений Павлович
ЛЕОНОВ Евгений Павлович (2. 9. 1926, Москва - 29. 1. 1994, ошол эле жер) - орус актёру, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти (1978). 1947-жылы Москвадагы театр
студиясын бүтүргөн. 1948-1968-жылдары Москвадагы К. С. Станиславский атындагы драма театрында, Владимир Маяковский атындагы театрда 1968-1972-жылдары иштеген. Е. Леонов диапазону кеңири ролдорду аткарып, ишенимдүү образдарды жараткан: Ванюшин (С. А. Найдёнов, «Ванюшиндин балдары»), Санчо Панса (Д. Вессерман жана Ж. Дериона, музыкасы М. Линики, «Ламанчтан келген адам») жана башкалар. 1974-1990-жылдары Ленин комсомолу атындагы театрда иштеген. Ивановдун (А. П. Чехов, «Иванов»), Вожактын (В. В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Тевьенин (Г. И. Горин, «Эскерип сыйынуу»;Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгы, 1992) образдарын жеткиликтүү, терен ачып берген. Кинодо 1947-1960-жылдардын ортосунда көбүнчө трагикомедияга басым жасаган: режиссёр Г. Н. Данелиянын «Отуз үч», «Афоня», «Күзгү марафон» (Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы, 1981), «Кин-дза-дза», «Настя» жана башкаларда, Э. А. Рязановдун, В. В. Мельниковдун, М. А. Захаровдун фильмдеринде кейипкерлердин мүнөзүн ар тараптуу ачып, зор чеберчиликте ойногон. Фильмдердеги эң көрүнүктүү ролдору: Приходько («Белорус вокзалы», 1971), Коля («Афоня», 1975), Көз боочу («Жангын, жангын менин жылдызым» 1970), Потапов («Сыйлык», 1975; Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Мамлекеттик сыйлыгы, 1976). «Винни-Пух» анимациялык фильмин үн менен коштоого катышкан.
Ад-: Исмаилова Н. X. Е. Леонов. М., 1995; Е. Леонов. М., 1998; Е. Леонов: Дневники, письма, воспоминания. М., 2000..
